12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты
Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди.
"Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган.
Анын ичинен:
- 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн;
- 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн.
Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына таратылат.


Эскерте кетсек, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында 1–9-класстар үчүн физика, химия жана биологияны бириктирген "Табигый илимдер" интеграцияланган предмети киргизилип жатат.
Бул предмет:
- 1–10-класстарда бириктирилген түрдө окутулат.
- 10–12-класстарда профилдик билим берүүнүн алкагында кайра өз-өзүнчө (физика, химия, биология) окутулат.