Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо
Баткен облусундагы “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздап жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишканага 18 миллион доллар инвестиция салынып, завод өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берилген. Натыйжада 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн.
Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Мамыржан Рахимов таанышып чыкты.
Ишкана немис технологиясынын негизинде автоклавдык газоблокторду өндүрүп, экологиялык жактан таза жана сапаттуу курулуш материалдарын чыгарууда.
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 1200 куб метрге чейин жетет. Учурда күн сайын 800 куб метрге жакын продукция өндүрүлүп, Баткен облусунан тышкары Ош жана Жалал-Абад облустарына да жеткирилүүдө. Кампада 2,5 миң куб метр даяр продукциянын запасы бар.
Азыркы учурда ишкана продукциясын негизинен жеке курулуш компанияларына сатууда. Ал эми жакынкы келечекте мамлекеттик курулуш объектилерин камсыздоо боюнча келишимдерди түзүү пландалууда.
Облус башчысы ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана өндүрүш көлөмүн арттыруу багытында тиешелүү колдоолор улантыларын белгиледи.


