Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат.

Долбоорго ылайык, эс алуу багына заманбап 12 аттракцион, лабиринт жана оргума орнотулат. Мындан тышкары, кичи тамактануу жайлары, шахмат жана баскетбол аянтчалары каралган. Ошондой эле жарандардын эс алуусу үчүн аллеялар түзүлүп, аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Реконструкция иштерин “РБН Азамат групп” ЖЧКсы аткарууда. Учурда курулуш аянтында 60 жумушчу эмгектенип жатат.

Жаңыланган эс алуу багы шаар тургундары жана коноктор үчүн ыңгайлуу жана заманбап эс алуу жайына айланары күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө

Бишкекте 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө

Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан 280 орунга ылайыкталган бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Имараттын жалпы аянты 2304,8 чарчы метрди түзсө, жер тилкесинин аянты 0,79 гектарды түзөт. Эки кабаттан турган бала бакча заманбап талаптарга ылайык жаңыланып жатат. Долбоорго ылайык, биринчи кабатта 6

Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаменти тарабынан 2026-жылдын биринчи үч айында транспорттук көзөмөл иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, транспорттук көзөмөл пункттарында жана станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу жалпы 189 396 автоунаа текшерилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан чыккан жаш ишкер Мыктыбек Сабиров жапайы алмадан уксус өндүрүп, чакан идеяны ийгиликтүү бизнеске айланткан. Эколог адистигине карабай өзүнө ылайык жумуш таба албаган ал тобокелге барып, табигый продукция чыгарууну тандаган. Бүгүнкү күндө анын өндүрүшү өлкө аймагына тарап, экспортко чыгуу алдында турат. Бул маекте ишкер уксус бизнесин кантип

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткен облусундагы “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздап жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишканага 18 миллион доллар инвестиция салынып, завод өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берилген. Натыйжада 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн. Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Мамыржан Рахимов таанышып