Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди
Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирди.
Байсалов акыркы 4,5 жылда вице-премьерлик кызматты ээлегенин жана бул кызматта турган акыркы күнү Салижан Жигитовду эскерүү кечесине катышып жатканына кубанычта экенин белгиледи.
Бул маалыматты өкмөттөгү булактар ырастады.
Буга чейин Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматына дайындалары тууралуу маалыматтар тараган.
48 жаштагы Эдил Байсалов соңку 25 жылдан бери кыргыз саясатына активдүү аралашып жүрөт. Ал саясатка укук коргоочу катары келип, соңку жылдары Кыргызстандын Британиядагы элчиси болгон, 2021-жылдан бери вице-премьерлик кызматты ээлеп келет.