Кара-Сууда ата-энеси жок 3 балага жер берилип, укуктары калыбына келтирилди
Кара-Суу райондук прокуратурасы жетим балдардын жер тилкесине болгон укуктарын коргоо багытында текшерүү жүргүзүп, үч тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары толук камсыздалбай келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, Кеңсай, Тельман жана Ак-Жар айылдарынан ар бир балага турак жай куруу үчүн 0,06 гектардан жер тилкелери бөлүнүп берилди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесине жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, жетим балдардын турак жайга болгон укуктары мыйзам чегинде кепилденет. Ага ылайык, турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда турак жай аянтын кезексиз алуу укугуна ээ.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралар жетим балдардын укуктарын коргоого жана алардын социалдык камсыздалышын жакшыртууга багытталган.