Россияда чекене кредитке суроо-талап кескин өстү
2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Россияда берилген чекене (керектөөчү) кредиттердин саны 13,9%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук кредиттик тарых бюросунун маалыматына таянып ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, отчеттук мезгил аралыгында жарандарга жалпы 9 млн кредит берилген. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 7,9 млн болгон. Демек, бир жыл ичинде берилген кредиттердин саны 1,1 млнго көбөйгөн.
Кредит берүү боюнча лидер аймактар катары Москва шаары, Москва облусу жана Краснодар крайы белгиленүүдө. Алдыңкы бештикке ошондой эле Санкт-Петербург жана Тюмень облустары да кирген.
Адистердин айтымында, жогорку пайыздык чендерге карабастан кредиттерге болгон суроо-талаптын өсүшү калктын финансылык абалынын начарлашы жана айлык акынын өсүү темпинин жайлашы себеп болушу мүмкүн.