Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгү сазга айланышы мүмкүн
Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов Ысык-Көлдүн деңгээли төмөндөгөн учурда жаралуучу коркунучтар тууралуу эскертти.
Анын айтымында, көлдүн түбүнүн рельефи бирдей эмес: түндүк бөлүгүндө жээк жайпак, ал эми түштүк тарабында тереңдик кескин көбөйөт. Борбордук бөлүгүндө тереңдик болжол менен 689 метрге жетет.
Абдрахматов белгилегендей, жакынкы жылдары суунун деңгээли 2–3 метрге төмөндөсө, көлдүн түндүк бөлүгүндө чоң аймак ачыкка чыгып калышы мүмкүн. Бул азыркы учурда 100–200 метр жээктен алыстыктагы тереңдиги 1–1,5 метр болгон тайыз жерлер тууралуу сөз болуп жатат.
Анын баамында, мындай аймактар сазга айланып, жашоого жараксыз болуп калышы мүмкүн.
Ошол эле учурда окумуштуу көл өзү толугу менен жоголуп кетпей турганын белгиледи, анткени анын тереңдиги чоң. Бирок экологиялык абалдын начарлаш коркунучу бар.
Ал ошондой эле көлдүн тереңинде чөгүп кеткен шаарлар тууралуу кеңири тараган божомолдорду четке какты. Анын айтымында, көлдүн борбордук бөлүгү жүз миңдеген жылдар мурда калыптанган, ал эми археологиялык табылгалар жээкке жакын аймактарда жайгашкан.