Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан
Америкалыктар криптовалюта алдамчылыктарынан 11 млрд доллардан ашык акча жоготушканын "Казинформ" АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун интернет кылмыштары боюнча отчетуна шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет кылмыштары боюнча арыздануу борбору (IC3) 1 миллиондон ашык билдирүү алган, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 859,5 миң болгон.
Өткөн жылы америкалыктар алдамчылыктын айынан 20,877 млрд доллар жоготушкан.
11,366 млрд доллар жоготууга алып келген криптовалюта алдамчылыктары бардык интернет кылмыштарынын жарымынан көбүн түзгөн.
Мындан тышкары, өткөн жылы келип түшкөн болжол менен 1 млн арыздын 181 565и криптовалютага байланыштуу болгон.