Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты.

билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы.

Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алууга, коомдук тартипти бузган мас абалындагы жарандарды аныктоого, ошондой эле мас абалында транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды табууга багытталат.

Мындан тышкары, борбор калаанын аймагында «Көчө» аталышындагы алдын алуу иш-чаралары уюштурулууда. Бул иш-чаралардын алкагында жеке жүрүү каражаттарынын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба