Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар
Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Сандар жана себептер
ИИМ өкүлүнүн айтымында, 2025-жылы өлкөдө 33 миңден ашуун кылмыш иши козголсо, анын 1547си киберкылмыштарга тиешелүү болгон. Ал эми 2026-жылдын алгачкы үч айында эле 1140 киберкылмыш катталып, өткөн жылдын көрсөткүчүнө жеткени калды жана жыл аягына чейин бир нече эсе көбөйүшү мүмкүн.

“Эмне үчүн бул кылмыштын саны өсүп жатат десеңер, биринчиден купуялуулук, кылмыштын бетин ачуунун татаалдыгы, бүт жерге жеткен санариптешүү, криптавалюта аркылуу кылмыштын изин жашыруу, анан эң башкы көйгөй бул кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгындагы кызматкерлердин санынын аздыгында болуп жатат”- дейт, Назаркулова.
Адистин айтымында 3 жылдан бери өрчүп келе жаткан телефондогу алдамчылык менен күрөшүү үчүн бир жыл мурда ИИМде атайын — киберкылмыштуулукка каршы күрөш боюнча №6 башкармалык түзүлгөн. Бирок, аталган кылмыштын түрү улам барган сайын кулачын кеңири жайып жаткандыктан, аны ооздуктоого башкармалыктын күчү жетпей жатат.
Алдамчылык схемалар жана коркунучтар
“Алдамчылар башкаларга салыштырмалуу IQсу жогору өнүккөн болушат жана жалгыз иштебей, уюшкан топ болуп иш алып барышат. Көбүнчө алдоодогу чалуулар банк өкүлдөрүнөн, УКМК, ИИМден, же кайрымдуулукка акча чогултуу, тааныштардан смс билдирүү жиберүү, латорея ойнотуулар ж.б. болушу мүмкүн. Кезектеги курмандыкты адаштырып жатканда бир эле кезекте бир нече ишке тартылышып, ар кайсыл мамлекеттик мекеменин өкүлү болуп өздөрүн тааныта беришет. Көпчүлүк жабырлануучулар “гипнозго түшүп калдык” деп айтышат. Бирок бул гипноз эмес, алдамчынын ынындыра билген өзгөчө күчү болуп саналат” – деп түшүндүрдү ИИМ өкүлү.
Айрым учурларда алдамчылык схемалар жергиликтүү “колл-борборлор” жана чет өлкөлөрдөгү “скам-фабрика” аркылуу жүргүзүлөт. Мындай жерлерде адамдарды алдоо үчүн атайын сценарийлер колдонулат.

Кээ бир учурларда жаранды чет өлкөгө жакшы жумуш сунушу менен алдап алып барып, скам-борбордо иштөөгө мажбурлаашы мүмкүндүгү да белгиленди.
“Алдамчылардын фабрикасы жайгашкан скам борборлор бар. Мындай фабрикада эркинен ажырагандар олтурушат. Башкача айтканда алар малайдын ишин аткарышат. Аларды эч ким чыгарбай кармап, скам алдамчылык кылып, дүйнө жүзү боюнча алдоо менен алектенүүгө мажбурлашат. Биздин жарандар дагы ушул скам борборлорго туш келип калган учурлар бар. Бул жакка жарандар жакшы жумуш табуу максатында келишет. Алгач Туркия, Дубай, Тайландга алып чыгышат да кийин түштүк чыгыш өлкөлөргө туш болушат”.
Мындан сырткары, адистер жасалма интеллектти да алдамчылар активдүү колдонуп жатканын баса белгилешти. Анын жардамы менен каалаган адамдын үнүн же видеосун жасалмалап, адамдын ишенимине кирүү оңой эле болуп калды.
Адистердин баамында, алдамчылардын негизги куралы: банк картасы, сим карта жана телефондогу тийиштүү тиркемелер (ватсап, телеграмм каналдары) болсо, ишенчээк жаранды алдап коюш оңой.

Ошондуктан тартип сакчылар, жарандарды сак болууга, шектүү чалууларга ишенбөөгө жана жеке маалыматты коргоого алууга чакырып, төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертти:
-маалымат бербеңиз;
-жакындарыңызга чалыңыз;
-текшерүүчү суроолорду бериңиз;
-күмөндүү шилтемелерди ачпаңыз;
-акча которбоңуз;
-банк менен байланышыңыз;
-булактарды текшериңиз.