БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев экөө 12-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышышты.
Венгрияда парламенттик шайлоо ар төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Улуттук жыйындын депутаттары шайланып турат. Ага ылайык, Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өз демократиялык укуктарын ишке ашырып, парламентке өз өкүлдөрүн шайлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Боршайкомдун маалыматына караганда, Венгриянын Улуттук жыйынынын 199 мүчөсү аралаш шайлоо системасы аркылуу эки ыкма менен шайланат: алардын 106сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система боюнча, ал эми калган 93ү бир жалпы улуттук шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайланышат.
Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% деңгээлинде белгиленген, эки партиядан турган коалициялар үчүн - 10%, үч жана андан көп партиялардан турган коалициялар үчүн - 15%. Андан кийин мандаттар Д’Ондт ыкмасы боюнча бөлүштүрүлөт.
Программанын алкагында эл аралык байкоочулар брифингдерге катышып, маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндигин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.


