"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды.

Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы Алибек жана подрядчылар жөнөкөй адамдарды кыйнап жатышат.

"Патент керек дешти — алдым, анан ККМ керек дешти — аны да алдым. Жеңишбек Токторбаев базарды бузардын алдында баарына жаңы базардан орун берилет деген. Бирок азыр айрымдарга орун берип, айрымдарга бербей жатышат. Баарын өздөрүнүн мурасы сыяктуу каалагандай кылышууда. Жаңы базардан үч орун үчүн мен 30% төлөгөм. Бирок ассоциация башчысы менен подрядчылар менин орундарымды “талон алууга кечигип калды” деген шылтоо менен үчүнчү жактарга мыйзамсыз сатып жиберишти. Мага орундарымды кайтарып беришпей жатат. Алибек өзү 70 орунду ээлеп алган. Бир орунду 10–15 миң долларга сатышууда, башында 5 миң доллар болчу", — деди ишкер айым.

Садыр Жапаров бул маселени укук коргоо органдарына текшерүүнү тапшырды.

Эске салсак, "Келечек" кийим-кече базары жеке менчик болуп саналат. Өткөн жылдын май айында Ош шаарынын мэриясы 1-июлдан тарта бардык ири базарларды жаңы муниципалдык соода комплексине көчүрүү башталарын билдирген. Бул чечим сооданы тартипке келтирүү, санитардык шарттарды жакшыртуу жана шаардын борборундагы транспорттук жүктү азайтуу максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media