Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт
16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти тарабынан уюштурулууда.
Жыйындын жүрүшүндө карантиндик жана өзгөчө кооптуу зыянкеч организмдердин кирип келүүсүн жана жайылышын алдын алуу чаралары талкууланат. Ошондой эле айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана санариптештирүү маселелери каралат.
Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын кеңейтүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча сунуштар айтылат.