Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген.

Анын ичинде:

  • 39 баш кой;
  • "Арашан" тукумундагы 1 баш кой жана эгиз козусу;
  • 5 жаштагы 1 карагер айгыр болгон.

Бирок шектүү убада кылган акчасын төлөбөй, байланыштан чыгып, изин жашырып жүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 1984-жылы туулган Ж.Н. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.

Милиция бул жарандан жабыркагандар болсо, 0313 45 33 80 номери аркылуу же Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылууну суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Арабаев атындагы мектепке 500 орундуу жаңы мектеп имараты салынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Учурда имаратты эмерек менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы мектептин жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Окуучулар үчүн заманбап