Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон.

Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда. Алар жылына болжол менен 348,3 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Чакан ГЭСтер Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен жана Нарын облустарында курулууда.

Эске салсак, 2021-2025-жылдары өлкөдө жалпы кубаттуулугу 109,8 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке берилген. Алар жылына 427 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Мындан тышкары, 2026-2030-жылдары жалпы кубаттуулугу 421,26 МВт болгон 48 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.

Энергетика министрлиги белгилегендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу жакынкы жылдары Кыргызстанды электр энергиясын импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кошуу максат кылынууда.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында өспүрүмдөрдүн иштөөсүнө көзөмөл күчөтүлдү

Манас шаарында өспүрүмдөрдүн иштөөсүнө көзөмөл күчөтүлдү

Манас шаарында өспүрүмдөрдүн эмгекке мыйзамсыз тартылышын алдын алуу максатында "Эмгек–өспүрүм" аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, устаканалар, кафе-ашканалар, базарлар жана башка соода-тейлөө жайлары текшерилип, жашы жете элек балдардын эмгекке тартылышы көзөмөлдөнүүдө. Мындан тышкары, өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен

Бажы кызматынын кызматкери мамлекетке 5 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Бажы кызматынын кызматкери мамлекетке 5 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан бажы органдарынын биринин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Иликтөөнүн божомолу боюнча, 2026-жылдын июль айында бажы кызматынын инспектору К.у.Т. үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген товарга бажылык текшерүү жүргүзүү учурунда анын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, бажылык текшерүүнүн

Кыргызстанда органикалык өндүрүш аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык өндүрүш аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер уланууда. 2026-жылдын 30-июнуна карата республикада органикалык өндүрүшкө тартылган жерлердин жалпы аянты 101 358,21 гектарды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин маалыматына ылайык, өлкөдө

"Эл үмүтү" стипендиясын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

"Эл үмүтү" стипендиясын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Күн мурун Президенттин Администрациясында "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги алдында өттү. "Эл үмүтү" – Кыргызстандын таланттуу жана максаттуу жаштарын колдоого багытталган президенттик эл аралык