Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды
Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди.
Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди.
Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.