2 890 жаранга шаар куруу кызматтары онлайн-форматта көрсөтүлдү

2 890 жаранга шаар куруу кызматтары онлайн-форматта көрсөтүлдү

Шаар куруу жана архитектура департаменти Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы кызматтарды электрондук форматка которууну активдүү улантууда. Онлайн-фомартта кызмат көрсөтүү ишке киргизилгенден бери 2 890 жеке кабинет ачылды. Бул тууралуу Курулуш мнистрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү онлайн форматта жеткиликтүү. Алсак, 2026-жылдын 25-майынан тартып маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар боюнча архитектуралык-техникалык корутунду алуу үчүн арыз берүү, дизайн-кодго ылайык эскиздик долбоорлорду макулдашуу, имараттын фасаддык паспортун тариздөө, ошондой эле инженердик-техникалык шарттарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Кызматтарды электрондук форматка өткөрүү - процесстердин ачыктыгын жогорулатууга, кызмат көрсөтүүнүн бардык баскычтарын автоматташтырууга жана адам факторунун таасирин азайтууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат.

Жогоруда аталган кызматтардын тизмеси менен таанышуу, ошондой эле жеке кабинетти ачуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз: cabinet.bga.gov.kg.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media