Автобустун айдоочуларынын айлыгы көтөрүлдү
1-апрелден тартып муниципалдык автобустардын айдоочуларынын айлыгы жогорулатылганын “Биринчи” радионун эфиринде "Бишкекшаартранспорт" ишканасынын башчысы Талантбек Капаров билдирди.
Т.Капаровдун айтымына караганда, айдоочулардын айлыгы 80 миңден 110 миң сомго чейин жетет. Жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон айдоочулар болжол менен 170 миң сом алышкан.
“Айдоочулардын саны дагы көбөйөт, анткени курам кеңейтилүүдө. Эмгек акы жана иштөө шарттары жакшы. Автопарктар жаңыланып, бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Көптөгөн айдоочулар план аткаруу талабына нааразы болушчу. 1-июлдан тартып бул пландар толугу менен жоюлат”, – деди ал.
Ошондой эле ал D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар тажрыйбалуу айдоочуларды Бишкек шаардык транспорт ишканасына жумушка орношууга чакырды.