Оштун Тээке айлында 100 орундуу бала бакча курулууда

Оштун Тээке айлында 100 орундуу бала бакча курулууда

Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылында 100 орунга ылайыкталган заманбап бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. 

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда имараттын экинчи кабаты көтөрүлүп, жеринде 30 дан ашык кызматкер эмгектенүүдө. 

Аталган социалдык объект мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулууда.

Долбоордун алкагында бардык заманбап талаптарга жооп берген тайпалык бөлмөлөр, оюн аянтчалары жана чарбалык жайлар каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Чыгырыктарды ижарага алгандар камсыздандыруу кызматын пайдалана алышат

Чыгырыктарды ижарага алгандар камсыздандыруу кызматын пайдалана алышат

Бишкек шаарынын мэриясы жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланган жарандар үчүн камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралганын эскертти. Маалыматка ылайык, колдонуучулардын коопсуздугун жогорулатуу жана алардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо максатында электр чыгырыктарды ижарага берген компаниялар мыйзамга ылайык жарандык жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууну ишке ашырууга укуктуу. Белгиленгендей, камсыздандыруу жол-транспорт кырсыгы же жеке мобилдүүлүк каражаттарын

Бишкекте уруксаты жок пайдаланылган объекттилерге айып пул салынды

Бишкекте уруксаты жок пайдаланылган объекттилерге айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан курулуш объектилери туруктуу негизде көзөмөлдөнүүдө. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан бир катар объектилер тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланылып жаткандыгы аныкталды. Натыйжада жаран К.Ч. карата

“Түндүк” аркылуу алдануудан, сак болуңуз!

“Түндүк” аркылуу алдануудан, сак болуңуз!

Алдамчылар жарандарды алдап, маалыматына жана акчасына ээ болуу үчүн мамлекеттик кызматтарга жана банктарга болгон ишенимди колдонуп жатканы белгилүү болду. ИИМдин Киберкоосуздук башкармалыгынын маалыматына ылайык, алар азыр “Түндүк” тиркемесинин атынан телефон чалуу ыкмасын пайдаланып жатышат. Билдирүүгө ылайык, алгач шылуун тигил же бул мамлекеттик органдын же “Түндүк” тиркемесинин атынан чалып, тиркемени тез

Алексей Ширшовдун фонду Каракол шаарын өнүктүрүүгө 7 млрд сом бөлөт

Алексей Ширшовдун фонду Каракол шаарын өнүктүрүүгө 7 млрд сом бөлөт

26-июлда, Каракол шаарындагы жаңыланган пляж пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы тарабынан билдирди. Маалыматка ылайык, Пляж “Shirshov Фонд” коомдук фондунун каржылык колдоосу мененоңдолгон. Долбоордун алкагында көлдүн жээги тазаланып, кум жаңыртылды. Ошондой эле сейилдеп, эс ала турган жерлер, чайкануучу кабиналар, кийим алмаштыруучу жайлар жасалып, балдар жана спорт аянтчалары орнотулду.