Сумсарсай дарыясына суу сактагыч куруу боюнча коомдук талкуу өттү

Сумсарсай дарыясына суу сактагыч куруу боюнча коомдук талкуу өттү

Чаткал районундагы Сумсарсай дарыясына суу сактагыч куруу боюнча коомдук талкуу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун акимдери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга долбоор тууралуу маалымат берилип, анын калкты жана айыл чарбасын сугат суу менен камсыз кылуудагы мааниси, ошондой эле Айратам өрөөнүндөгү сугат жерлерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Белгиленгендей, долбоор ишке ашырылса, сугат жерлеринин аянты болжол менен 1500 гектарга көбөйүп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга шарт түзүлөт.

Учурда долбоордун техникалык варианттары жана экологиялык аспектилери боюнча иштер улантылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында протокол кабыл алынып, анда суу сактагычты куруунун зарылдыгы белгиленип, долбоорлоо иштерин улантуу жана кийинки этапта суу сактагычтын курулушун баштоо каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media