Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында 10-июнь шаарда 10 заманбап сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыныны басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.

Жаңы сейил бактардын даректери:

1. И.Раззаков көчөсү, №38 үйдүн арты

2. А.Шакиров көчөсү, №271 үйдүн арты 

3. А.Шакирова көчөсү, №8 үйдүн арты

4. Алымбек-Датка көчөсү,  Атайын оорукананын жанындагы №1 сейил бак

5. Алымбек-Датка көчөсү, Атайын оорукананын жанындагы №2 сейил бак

6. И.Раззаков көчөсү, №28 үйдүн арты

7. И.Раззаков көчөсү, №22 жана №24 үйлөрдүн ортосу

8. Шота-Руставели – Р.Моминова көчөлөрүнүн кесилиши

9. Н.Байтемиров көчөсү, Шота-Руставели №126г үйдүн арты

10. Н.Исанов көчөсү, №123 үйдүн арты – бул сейил бакты жасалгалоого Кызыл Ай коому да салым кошту. 

Бардык сейил бактарда тротуарлар төшөлүп, заманбап жарыктандыруу орнотулуп, отургучтар жана таштанды урналары коюлду. Айрым жерлерде көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары актап-сырдалды.

Ош шаарында жалпы аянты 2,57 гектарды түзгөн 10 жаңы жашыл аймак түзүлдү. Бул иштер шаардын архитектуралык келбетин жакшыртып, экологиялык абалын чыңдоого жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң салым кошту. Шаар мэри Жанарбек Акаев өз сөзүндө жашылдандыруу улантыларын, дагы 10 сейил бакты жасоо боюнча чечим кабыл алынганын айтып, бул долбоор эң ириде шаар жашоочуларынын ыңгайлуулугуна багытталганын билдирди. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media