Ошто абанын сапатын жакшыртууга байланыштуу жыйын өткөрүлдү
Ош шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жыйынга шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев жетекчилик кылып, мамлекеттик органдардын, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Министрлер Кабинетинин тескемелеринин негизинде абанын булганышын азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана “Абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планынын”аткарылышы каралды.
Эрнис Толтоев абанын тазалыгы калктын ден соолугуна түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул багытта бардык мекемелер тыгыз кызматташуусу керектигин айтты.
Отурумдун жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды:
1. Өнөр жай жана энергетикада экологиялык талаптарды сактоо
2. Коомдук транспортту экологиялык таза транспортко этап-этабы менен өткөрүү
3. Мыйзамсыз таштандыларды алдын алуу, шаарды жашылдандыруу
4. Калк арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу
5. Экологиялык мониторингди күчөтүү, бардык жооптуу мекемелерге бекитилген пландагы милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу милдеттендирилди.