Бишкектеги сейил бактардын абалы текшерилди

Бишкектеги сейил бактардын абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө коомдук жайларды көрктөндүрүү, сейил бактардын абалы жана социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйындын алгачкы объектиси болуп Ала-Арча дарыясынын боюндагы Малдыбаев көчөсүнөн Түштүк Чоң Чүй каналына чейин жана Жибек Жолу проспектине чейинки аймак болду. Бул жерде борбор калаанын башчысы дарыянын жээгинде жайгашкан курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Айбек Жунушалиев сейилдөө аймагын көрктөндүрүү иштерин ага чектеш аймактарды да камтыган комплекстүү негизде жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу курулуш компанияларына тиешелүү иштерди кечиктирбестен баштоо тапшырмасы берилди.

Андан соң мэр жакынкы күндөрү оңдоо иштери баштала турган Дайыр Асанов атындагы сейил бакка барды. Көчмө жыйындын жүрүшүндө сейил бактын инфраструктурасын жаңылоо боюнча алдыдагы иштер талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Кийинки объекттер Кыргызстан менен Азербайжандын Достук сейил багы жана "Байтик" паркы болду. Текшерүү учурунда борбор калаанын башчысы ижарачылардын колдонуусунда болгон сейил бактардын абалын сынга алды. Айбек Жунушалиев жооптуу кызматтарга аныкталган бардык мыйзам бузууларды четтетүү жана аймактарды тиешелүү абалына келтирүү үчүн ижарачыларга бир жумалык мөөнөт берүүнү тапшырды. Талаптар аткарылбаган учурда белгиленген тартипте ижара келишимдерин ырастоо маселесин кароо тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат

Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, сапардын алкагында ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян жана бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолугушат. Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышат. Кыргызстандын экономика,

Ишкер Media
2025-жылдын бюджети 51 млрд сом профицит менен аткарылды

2025-жылдын бюджети 51 млрд сом профицит менен аткарылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде 2025-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы бюджеттин кирешеси 606 млрд сом пландалып, 615 млрд сом аткарылган. Чыгашалар 590 млрд сом планда 564

Ишкер Media
Бишкекте 20 жаңы мектеп курулду

Бишкекте 20 жаңы мектеп курулду

Борбор калаада 20 жаңы мектеп бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалым болгондой, бүткөрүлгөн мектептердин бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1200 орундуу мектеп. Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Заманбап мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган. Курулуш толук

Ишкер Media
Чоң-Алайда 2600 метр бийиктикте жүгөрүдөн жогорку түшүм алынды

Чоң-Алайда 2600 метр бийиктикте жүгөрүдөн жогорку түшүм алынды

Чоң-Алай районунун Балтыркан участкасында тоюттук жүгөрү жыйноо аяктады. Бул тууралуу райондук Мамлекеттик администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 0,60 гектар аянттан 45 тоннадан ашуун жашыл масса - силос жыйналды. Жүгөрү деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктикте өстүрүлгөн. Бул көрсөткүч тоолуу шартта да тоюттук жүгөрү өстүрүүгө болорун далилдейт. Долбоор мал чарбасы үчүн тоют

Ишкер Media