Чоң-Алайда 2600 метр бийиктикте жүгөрүдөн жогорку түшүм алынды
Чоң-Алай районунун Балтыркан участкасында тоюттук жүгөрү жыйноо аяктады. Бул тууралуу райондук Мамлекеттик администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 0,60 гектар аянттан 45 тоннадан ашуун жашыл масса - силос жыйналды. Жүгөрү деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктикте өстүрүлгөн.
Бул көрсөткүч тоолуу шартта да тоюттук жүгөрү өстүрүүгө болорун далилдейт.
Долбоор мал чарбасы үчүн тоют базасын чыңдоого жана айыл чарбасында жаңы ыкмаларды жайылтууга өбөлгө болот.