Кадамжайдын Ак-Кыя айылына 265 млн сомдук мектеп курулууда

Кадамжайдын Ак-Кыя айылына 265 млн сомдук мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында заманбап жаңы мектептин курулушу жүргүзүлүүдө.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоордун жалпы наркы 265 миллион сомду түзөт.

Мектеп 375 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залын жана бардык шарттары каралган спорт залын камтыйт. Имараттын жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 750 окуучунун заманбап шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курулуштун ар бир этабы министрликтин көзөмөлүндө болуп, иштер “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурда экинчи кабаттын колонналарын орнотуу иштери аткарылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media
Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media