Көрктөндүрүү талаптарын аткарбаган объекттилердин иштери токтотулду

Көрктөндүрүү талаптарын аткарбаган объекттилердин иштери токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун аткарылышы боюнча Баткен облусундагы курулуш объекттерине рейд жүргүзүлүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө бир катар объекттердин айланасындагы көрктөндүрүү иштерин уюштуруу талаптарынын сакталбаганы аныкталды. Тактап айтканда, курулуш аянтчалары тиешелүү деңгээлде тосулбаган, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн калкалоочу тосмолор жана чатырчалар орнотулган эмес, сырткы жарыктандыруу, кирүүчү жолдор жана автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлары уюштурулган эмес.

Алар:

Кызыл-Кыя шаары, Ленин көчөсү 3б - 3-7 кабаттуу турак жай комплекси;

Кызыл-Кыя шаары, Кулатов көчөсү -7,8 кабатууу 2 блоктон турган турак жай комплекси;

Кызыл-Кыя шаары, Кулатов 132а -7-кабаттуу турак жай комплекси.

 

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Золотой Квадрат” , “Элит Гранд”, “Асыл Холдинг” ЖЧКларына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет. Белгиленген талаптар аткарылбаган учурда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media
Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media