Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

27-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда “Бабатрон” аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы булактын тапшырылышы жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жана онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн өтө маанилүү болгон нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул демилге Кыргызстан менен Индиянын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгынын кезектеги практикалык жыйынтыгы болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлиги мурда белгилегендей, Индия менен кызматташтык онкологияны өнүктүрүүнү, медициналык кадрларды даярдоону, заманбап технологияларды киргизүүнү жана медициналык инфраструктураны жаңылоону камтыйт.

Сызыктуу ылдамдаткычтарды оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 4 миллион сом, ал эми зарыл болгон запастык бөлүктөрдү сатып алууга 31 миллион сом бөлүндү. Мындан тышкары, 2027-жылдан баштап радиотерапиялык жабдуулардын баарын тейлөөгө жыл сайын болжол менен 18 миллион сом каражат бөлүү пландаштырылууда. Бул жабдууларды өз убагында тейлөөгө жана ар кандай техникалык мүчүлүштүктөрдү ыкчам жоюуга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media
Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media