Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна барып, инфраструктуранын учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан даярдоо иштери менен таанышты. Ысык-Көл районунун Бает айылында Министрлер Кабинетинин төрагасы “UIM F1H2O – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл 2026” эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүүгө даярдык көрүүнү текшерди. Ага уюштуруу иштери жана зарыл инфраструктураны даярдоо боюнча маалымат берилди. 

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо”маданий борборуна барып, “Гольф Резорт Ысык-Көл” комплексин куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты. Министрлер Кабинетинин төрагасы ошондой эле Чолпон-Атадагы этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. 

Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышты. 

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди. Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media