Дыйкандарга 81 сомдон күйүүчү май берилди

Дыйкандарга 81 сомдон күйүүчү май берилди

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы тескемесине ылайык, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо максатында жеңилдетилген баада дизелдик отун менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган тескемеге ылайык, республика боюнча жалпы 7 000 000 литр дизелдик отун 1 литри 81 сомдон бөлүнгөн. 23-июлга карата республика боюнча 2 744 600 литр дизелдик отун айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берилди.

Анын ичинен:

Ош облусуна 572 250 литр,

Ысык-Көл облусуна 596 850 литр,

Нарын облусуна 746 600 литр,

Жалал-Абад облусуна 359 550 литр,

Чүй облусуна 236 300 литр,

Баткен облусуна 189 350 литр

Талас облусуна 43 700 литр бөлүштүрүлдү.

Учурда жеңилдетилген баада бөлүнгөн дизелдик отундун калдык көлөмү 4 255 400 литрди түзөт.

Министрлик тарабынан жеңилдетилген баадагы дизелдик отунду айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө өз убагында жана үзгүлтүксүз жеткирүү иштери улантылууда. Бул мамлекеттик колдоо чарасы күзгү талаа жумуштарын сапаттуу өткөрүүгө, дыйкандардын өндүрүштүк чыгымдарын азайтууга жана агрардык сектордун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media