Токмок шаарына 10 жаңы автобус сатылып алынды
Токмок шаарына 10 жаңы автобус алынып келди. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Токмокко 10 автобус тапшырылды.
Жаңы автобустар үчүн маршруттук каттамдар чийилди. Автобустун жол кире акысы 25 сомду түзөт. Автобустар ар 15 мүнөт сайын каттайт.