Бишкекте калктын көгүлтүр отко өтүүсү көмүрдү керектөөнү 100 миң тоннага кыскартты

Бишкекте калктын көгүлтүр отко өтүүсү көмүрдү керектөөнү 100 миң тоннага кыскартты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн алты ай ичинде аткарган иштери талданып жатат.

Коллегиянын жүрүшүндө абанын сапатын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, калкты газ менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Министрлер Кабинети 20-апрелде тескеме кабыл алган.

Аталган чечимдин негизинде жарандарга жаратылыш газына өтүү үчүн 150 миң сомго чейинки өлчөмдө 3%дык чен менен жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Буга чейин мындай насыялардын пайыздык чени 8%ды түзгөн.

Бүгүнкү күндө борбор калаада 54 калктуу конуш, 54 127 абонент көгүлтүр от тармагына кошулган. Алардын ичинен 33 миң үйдүн жылытуу тутуму көмүрдөн газга өткөн.

Аталган иштердин натыйжасында көмүрдүн орточо жылдык керектөөсү болжол менен 100 миң тоннага кыскарганы белгиленди. Бул көрсөткүч абанын сапатын жакшыртууга жана экологиялык абалды турукташтырууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media