Кыргызгидрометте 16 млн сомдук мыйзамсыз төлөмдөр аныкталып, иш козголду
Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматында казынадагы каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады.
Башкы прокуратура расмий жарыялаган маалыматка ылайык, Кыргызгидрометтин айрым жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда иштен бошотулган кызматкерлерге жана айрым учурда иштеп жаткандарга мыйзамда каралган өлчөмдөн ашык акча которуп келгени аныкталган.
Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда, бул аракеттер жашыруун жүргүзүлүп, мамлекеттик казынага өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Тактап айтканда, чыгымдын көлөмү 16 млн сомду түзгөн.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.