Ошто эмгек мигранттарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эмгек мигранттарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарында чет өлкөлүк эмгек мигранттарына Кыргызстандынаймагында мыйзамдуу эмгектенүүнүн тартиби боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө жумуш визасы, эмгек патенти, убактылуу каттоо, эмгек келишими жана башка уруксат берүүчү документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөө боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле миграциялык мыйзамдарды сактоо, каттоодон өтүү тартиби, салык жана социалдык камсыздандыруу маселелери, эмгек укуктары жана милдеттери тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, катышуучулардын суроолоруна жооптор айтылды.

Иш-чара эмгек мигранттарынын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталды.

 

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министрлигине 50,8 млн сомдук техникалар тапшырылды

Энергетика министрлигине 50,8 млн сомдук техникалар тапшырылды

Энергетика министрлиги өлкө тургундарын жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында материалдык-техникалык базаны системдүү түрдө чыңдоону улантууда. Бул багытта электр тармактарынын атайын техника паркы заманбап техникалар менен толукталууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-июлда Энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Кыргызстан улуттук электр тармагы”

Кыргызстанда үч кооптуу айыл чарба каражатын сатууга тыюу салынды

Кыргызстанда үч кооптуу айыл чарба каражатын сатууга тыюу салынды

Кыргызстандын аймагында үч өзгөчө кооптуу пестицидди сатууга жана жүгүртүүгө расмий түрдө тыюу салынды. Тиешелүү чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин тапшырмасынын негизинде кабыл алынды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти алгач пестициддерди жеткирүүчүлөр менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, аталган каражаттардын

Экологиялык тармактар боюнча социалдык эсептер матрицасы иштелип чыкты

Экологиялык тармактар боюнча социалдык эсептер матрицасы иштелип чыкты

КРнын Улуттук статистика комитетинде Азия өнүктүрүү банкынын эл аралык эксперти Майкл Жон Барсабалдын миссиясы болуп өттү. Анын алкагында экологиялык тармактардын статистикалык эсебин өркүндөтүү жана улуттук эсептер системасын өнүктүрүү маселелери каралды. Миссиянын негизги максаты - экологиялык тармактар боюнча социалдык эсептер матрицасын иштеп чыгуу, алынган көрсөткүчтөрдү ресурстарды пайдалануу жана “Чыгымдар – чыгарылыш” таблицаларын интеграциялоо,

BAKAI Travel'да отелдерди брондоо кызматы ишке кирди — эми ар бир сапар үчүн 10% кешбэк кайтарылат

BAKAI Travel'да отелдерди брондоо кызматы ишке кирди — эми ар бир сапар үчүн 10% кешбэк кайтарылат

BAKAI мобилдик тиркемесиндеги BAKAI Travel сервисинде жаңы "Отелдер" бөлүмү ачылды.  Эми саякат үчүн керектүүнүн баарын бир жерден таап, отелиңизди бир нече мүнөттө эле ээлеп коюуга болот. Жаңы сервистин ачылышы менен бирге BAKAI саякатчылар үчүн атайын сунуш даярдады. Ар бир брондоо үчүн колдонуучуларга 10% кешбэк накталай акча түрүндө кайтарылат.