Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.
Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү протоколдор түзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте 1 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып жатат.
Бул иш-чаралар коомдук транспортто жол кирени төлөө эрежелеринин сакталышын камсыз кылууга, жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатууга жана тартипти бекемдөөгө багытталган.
Ушуга байланыштуу ишкананын өкүлдөрү, жарандарды жол кирени өз убагында төлөп, коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин сактоого жана башка жүргүнчүлөргө, ошондой эле транспорт кызматкерлерине урмат-сый менен мамиле кылууга чакырууда.