Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда Көкөн тар көчөсү 25, 23, 21, 19 даректериндеги 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу админ борбордун курулушунда ченемдер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды.

Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Байхан Строй" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Компанияга 200 миң сом айып пул салынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуштарды текшерүүнү улантууда. Бут тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаыйык, текшерүү учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылындагы суу кампа объектисинде курулуш ченемдери жана талаптар бузулганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Жолдош-Курулуш" ЖЧКсына акт

Ишкер Media
Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media
Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media
Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Корпус "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, 4 кабаттуу имараттын аянты 1 530 чарчы метр. Долбоордун наркы - 80 млн сом. Жер төлөдө - лабораториялар, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр.

Ишкер Media