УКМК Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен алган дагы башка мүлктөрүн тапты

УКМК Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен алган дагы башка мүлктөрүн тапты

КР УКМК мыйзамдагы ууру делген, кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо боюнча иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү деп саналган дагы төрт кыймылсыз мүлк объектисин аныктады.

УКМКнын маалыматына караганда, маркум Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата "кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, алдын ала маалыматтар боюнча, Көлбаевге таандык дагы башка мүлктөр аныкталды, анын ичинде:

  • "Илбирс-Саадат" эс алуу жайындагы коттедж;
  • Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
  • "Коста Браво" эс алуу борборундагы коттедж;
  • "Бурана резорт" эс алуу жайы.

Ошондой эле комитет К. Асанбектин башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн түзүү боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.

9-октябрда аталган ведомство Көлбаевдин 60тан ашык кымбат баалуу автоунааларын, Ысык-Көл, Чүй облусу, Бишкек жана Дубайдагы кыймылсыз мүлктөрүн алдын ала баасын аныктап, мүлктү 1 млрд долларга баалаган.

Көлбаевдин Бишкектеги батирлери кимге таандык?
Биз буга чейин камакка алуу учурунда өлтүрүлгөн кримавторитет Камчы Асанбекке (Көлбаев) таандык ири мүлктөр документ боюнча кимдерге таандык болгонун жазган элек жана бул Economist.kg басылмасы изилдеген ошол материалдын экинчи бөлүгү. Бишкекте УКМК тарабынан табылган батирлер кимге катталганын реда…

Мындан тышкары окуңуз

Талас шаарындагы 2 млн 697 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Талас шаарындагы 2 млн 697 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Талас шаарындагы 565 м² мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1999-жылы шаардын автовокзалында тиешелүү болгон 565 чарчы метр жер тилке мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 2 697 100

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда кар жаашы күтүлүп жатат

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда кар жаашы күтүлүп жатат

Алдыдагы күндөрү Бишкекте аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүүдө. Синоптиктердин маалыматына ылайык, кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын температурасы: 5-декабрь, жума күнү Күндүз: +6…+8°, ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. 6-декабрь, ишембиде Түндө –1…–3°, күндүз +7…+9°, жаан-чачын күтүлбөйт. 7-декабрь, жекшебиде Түндө –2…–4°, күндүз +6…+8°, ала булут

Кыргызстанда аквамаданиятты өнүктүрүү борбору түзүлөт

Кыргызстанда аквамаданиятты өнүктүрүү борбору түзүлөт

Балык өнөр жайы комплекси департаменти Корея деңиз институтунун (KMI) жетекчилиги менен Кыргызстандын “Балык чарбасын жана аквамаданиятын өнүктүрүү боюнча улуттук борборун” түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жыйын видео конференц байланыш форматында өттү.  Улуттук борбор министрликтин Регионалдык акклиматташтыруу жана

Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлөөгө каршы иштер уланууда

Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлөөгө каршы иштер уланууда

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы шаардык жол-транспорт түйүнүн өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган, мыйзамсыз курулган объектилерди алып салуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Сибирский тар көчөсүндө жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 9 капиталдык курулуш жана 11 тосмо алынды. Натыйжада узундугу 144 метр, жалпы аянты 1700 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул кадам жолду