Жер титирөөлөргө туруктуу, электр энергиясын аз талап кылуучу 40 мектеп курулат

Жер титирөөлөргө туруктуу, электр энергиясын аз талап кылуучу 40 мектеп курулат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарындагы №65 Б.Абдрашев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктаганын билдирди. 

Жаңы курулган мектептин өзгөчолүгү – ал жер титирөөгө туруктуу жана электр энергиясын үнөмдөөгө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу. 

ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 14 мектеп жаңыланат. Алардын ичинен бүгүнкү күндө 3 мектеп пайдаланууга берилди. 2 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат жана 2 мектеп тендер этабында.

Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун максаты –өкмөттүн жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин башкаруу жаатындагы потенциалын жогорулатууга колдоо көрсөтүү.

ERIK долбоору мектептердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу, энергоэффективдүү технологияларды өздөштүрүү, суу менен камсыз кылуу жана санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу максатын көздөйт.

ӨКМ тарабынан ишке ашырылып жаткан ERIK долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен өлкөдө 40 мектеп курулуп жана реконструкцияланып жатат. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Парламентте "уйкудагы  15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору  жактырылды

Парламентте "уйкудагы 15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул документ 1992-жылдан бери колдонулуп келген эски мыйзамды толугу менен алмаштырууну көздөйт. Жаңы мыйзам долбоору соода аянтчаларынын иштөө тартибин, соодага катышуучуларга коюлган талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл системасын так аныктайт. Долбоорго ылайык,

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен. Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат. "Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан"  369,3 млн сом түштү

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан" 369,3 млн сом түштү

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине чет өлкөлүк компаниялар көрсөткөн электрондук кызматтарга салынуучу кошумча нарк салыгынын (КНС), башкача айтканда "Google салыгынын" эсебинен 369 млн 308,7 миң сом (болжол менен 4,2 млн доллар) түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда айтылат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 108,

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына