"Азаттык арена" 2026-жылдын 1-августунда пайдаланууга даяр болот

"Азаттык арена" 2026-жылдын 1-августунда пайдаланууга даяр болот

Кечээ президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында курулуп жаткан "Азаттык арена" стадионунун курулуш иштери менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшергенин “Кабар” маалымат агенттиги жазды. 

Туманбаевдин айтымында, курулуш бекитилген графикке ылайык жакшы темп менен жүруп жатат. 

"Учурда бетон иштеринин 80%ы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат", - деди.

Туманбаев белгилегендей, стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо иштери, ички жана тышкы инфраструктура иштери бир мезгилде аткарылып, эч кандай кечеңдетүүлөр жок.

"Стадиондун курамында 40 миң чарчы метр соода аянты каралган. Бул жерге дүйнөлүк бренддер жайгашат, мындай формат көп өлкөлөрдүн ареналарында да кездешпейт", - деди Туманбаев долбоордун өзгөчөлүгүн баса белгилеп жатып.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Каныбек Туманбаев "Азаттык арена" стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен даяр болорун билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Парламентте "уйкудагы  15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору  жактырылды

Парламентте "уйкудагы 15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул документ 1992-жылдан бери колдонулуп келген эски мыйзамды толугу менен алмаштырууну көздөйт. Жаңы мыйзам долбоору соода аянтчаларынын иштөө тартибин, соодага катышуучуларга коюлган талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл системасын так аныктайт. Долбоорго ылайык,

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен. Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат. "Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан"  369,3 млн сом түштү

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан" 369,3 млн сом түштү

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине чет өлкөлүк компаниялар көрсөткөн электрондук кызматтарга салынуучу кошумча нарк салыгынын (КНС), башкача айтканда "Google салыгынын" эсебинен 369 млн 308,7 миң сом (болжол менен 4,2 млн доллар) түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда айтылат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 108,

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына