Бишкекте 35 жана 40 кабаттуу 14 турак үйдүн курулушу башталды

Бишкекте 35 жана 40 кабаттуу 14 турак үйдүн курулушу башталды

Бишкек шаарында жаңы муундагы ири көп функционалдуу турак жай комплексинин курулушу башталганын Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Достоевский көчөсүндө салынып баштаган турак жай комплексинин жалпы аянты 13,55 гектарды ээлейт.

Турак жай комплекси 14 блоктон турат:
- 35 кабаттуу 10 турак үй,
- 40 кабаттуу 4 турак үй.

Батирлердин жалпы фонду – 4 160.
- 1 бөлмөлүү — 1 520 батир,
- 2 бөлмөлүү — 2 400 батир,
- 3 бөлмөлүү — 240 батир.

Бул имараттар Кыргызстанда алгачкы жолу курулуп жаткан эң бийик көп кабаттуу турак жай. Долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырууда.

Ар бир блоктун биринчи үч кабатында жана блоктордун ортосунда өзүнчө далистери бар коммерциялык жайлар каралган.

Комплексте 3 деңгээлдүү, 4 200 унаага ылайыкташкан жер алдындагы паркинг куруу пландалган. Бул унаа токтотуучу жай Кыргызстандагы эң ири автопаркингдердин бири болот. Ошондой эле өрт коопсуздугу үчүн атайын өтмөлөр жана кошумча жер үстүндөгү унаа токтоочу жай да болот.

Турак жай комплексинин аймагында жашоочулар үчүн бассейни бар заманбап спорт борбору, балдар аянтчалары, теннис корттору, баскетбол жана кичи-футбол талаасы жайгашат.

Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү максатында 750 орундуу мектеп, 280 балага ылайыкташкан бала бакча да курулат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев белгилегендей, комплекс толугу менен сейсмикалык туруктуулук талаптарына жооп берет. 

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн. "

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой