Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат.

Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой эле беш материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Жарандар тарабынан берилген арыздын негизинде 417 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Курман айтта 10 миңден ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Курман айтта 10 миңден ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Курман айт майрамында республика аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, майрам күндөрү өлкө боюнча 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Коопсуздук чаралары мечиттерде, эл көп чогулган жайларда, базарларда, эс алуу аймактарында жана башка коомдук жайларда күчөтүлөт.

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 80 чакырымына асфальт төшөлдү

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 80 чакырымына асфальт төшөлдү

Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанидеги Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Калган 20 чакырым тилкеде асфальттоо иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, 0–64 жана 79–100-чакырымдар аралыгында асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Ал эми

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор районунун Кочкор айылындагы ичүүчү таза суу тутумун куруу объектинде техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбаганы аныкталды. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар курулуш

Кыргызстанда банктардын санынын өсүшү пайыздык чендин төмөндөшүнө шарт түзөт

Кыргызстанда банктардын санынын өсүшү пайыздык чендин төмөндөшүнө шарт түзөт

Кыргызстанда коммерциялык банктардын санынын көбөйүшү банк секторундагы атаандаштыкты күчөтүп, кредиттик ресурстардын көбөйүшүнө байланыштуу, пайыздык чендердин төмөндөшүнө өбөлгө түзөт. Мындай билдирүүнү КРУБ төрагасынын орун басары Азат Козубеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Адистин айтымында, жаңы банктардын рынокко тартылышы атаандаштыкты күчөтүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн