"Мурас" турак жай комплексинде жыл аягына чейин 1080 батир пайдаланууга берилет

"Мурас" турак жай комплексинде жыл аягына чейин 1080 батир пайдаланууга берилет

Кечээ президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан “Мурас” турак жай комплексиндеги иштер менен таанышканын компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда бүткөрүлгөн иштердин биринчи этабында 986 батир пайдаланууга берилип, аларда тургундар жашап жатат.

Каныбек Туманбаев ушул жылдын аягына чейин дагы 1080 батирди толук бүтүрүп, жакын арада пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтты. Бул мамлекеттик ипотека аркылуу үй күтүп жаткан жарандар үчүн чоң колдоо болуп саналат.

Ошондой эле ал комплекстеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук бүткөрүү мерчемделгенин баса белгиледи. Натыйжада “Мурас” мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулат.

Мындан тышкары, ал комплекстин аймагында орнотулган европалык заманбап автономдук откананы өзүнчө белгиледи. Бул Кыргызстанда сейрек колдонулган, энергияны үнөмдөгөн, коопсуз жана туруктуу жылытуу берген жогорку технологиядагы система.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;