Нарын облустук музыкалык-драма театрына 33 млн сомдук жер участогу кайтарылды

Нарын облустук музыкалык-драма театрына 33 млн сомдук жер участогу кайтарылды

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылганын жергиликтүү администрация билдирди. 

Театрдын жетекчилиги участокту кайтарып алуу үчүн сотко кайрылып, Нарын шаардык жана Нарын облустук административдик соттору ишти карап, экөө тең театрыдын пайдасына чечим чыгарышкан. Жогорку сот бул чечимдерди күчүндө калтырган. 

МинКаб алдындагы мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча агенттиги соттук чечимдин негизинде Орозбаков көчөсүндөгү 0,15 гектар аянтты ээлеген участокту мамлекеттин менчигине алып, аны кайра театрдын башкаруусуна берди. 

Аталган жер участогунун баасы 33 млн сом деп эсептелген. Бул жерге эми ичичнде кызматкерлерге кызматтык батирлер, жаш адистерге жатакана жана гастролдоп келген артисттер үчүн бөлмөлөр бар 3 кабаттуу имарат курулат.  

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып келген. Аймакта ар кандай унаалар токтотулуп, жер шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген. Учурда мэрия тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. "Айдоочулар союзу&