Каркыра жайлоосунда заманбап туристтик борбордун курулушу башталды

Каркыра жайлоосунда заманбап туристтик борбордун курулушу башталды

Түп районунун Каркыра жайлоосунда жаңы заманбап туристтик борбордун курулушу башталганын Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан кабарлашты. 

Алардын айтымында, жергиликтүү ишкер өзүнүн курулуш долбоорун сунуштап, колдоо сурап кайрылган. Байкоочу кеңештин чечими менен ага үстөк пайызсыз 15 млн сом берилген. 
Долбоорго ылайык, 200 адам баткыдай 19 корпус тургузулат. Ошол территорияда административдик имарат, ашкана, конференц-зал, көңул ачуучу зона жана медициналык пункт жайгашат. 

Фонддун билдиришинче, долбоорду ишке ашыруу жаңы жумушчу орундарын эле түзбөстөн эс алуучуларды жана чет өлкөлүк туристтерди заманбап шарттар менен да камсыз кылат. 

Каражаттардын биринчи траншы келип, курулуш иштери уланып жатканы айтылат фонддун маалыматында.  

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн. "

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой