МинКаб камсыздандыруу компанияларынын өз алдынча жоюлуу тартибин бекитти

МинКаб камсыздандыруу компанияларынын өз алдынча жоюлуу тартибин бекитти

МинКаб ыктыярдуу негизде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүү тартибин бекитти. Тиешелүү токтом 2025-жылдын 25-ноябрында № 757 саны менен кабыл алынган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн (2025-жылдын 28-ноябрындагы "Эркин Тоо" гезити, № 94) тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бекитилген тартипке ылайык, ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз камсыздандыруу/кайра камсыздандыруу уюмдарын жоюуга же кайра уюштурууга жол берилбейт. Компания макулдук алуу үчүн өзүнүн камсыздандыруу портфелин тиешелүү камсыздандыруу боюнча лицензиясы бар башка камсыздандыруу уюмдарына өткөрүп бергенден кийин кайрыла алат.

Макулдук алуу үчүн уюм төмөнкү документтер менен катар арыз бериши керек:

  • Акционерлердин жалпы жыйынынын чечими;
  • Жоюу/кайра уюштуруунун мөөнөттөрү жана этаптары көрсөтүлгөн планы;
  • Акыркы отчеттук мезгил үчүн аудитордук корутунду;
  • Салык органы менен салыштыруу актысы;
  • Камсыздандыруучулар жана кредиторлор алдындагы милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу маалымат;
  • Арыз берген күндөгү каржылык отчеттуулук;
  • Камсыздандыруу портфелин өткөрүү боюнча келишим;
  • Лицензиянын (лицензиялардын) оригиналы.

Карап чыгуу мөөнөттөрү

Ыйгарым укуктуу орган:

  • документтердин толуктугун 3 иш күнүнүн ичинде текшерет;
  • толук пакет алынган күндөн тартып 30 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө карайт.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу уюмдардын каржылык туруктуулугун баалоо, лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү укугу берилет.

Баш тартуунун негиздери

Баш тартууга негиз болуучу жагдайлар төмөнкүлөр:

  • толук эмес же туура эмес маалымат берүү;
  • камсыздандыруучуларга же кредиторлорго карата аткарылбаган милдеттенмелердин болушу;
  • жарандык мыйзамдар талаптарынын бузулушу;
  • уюмга карата көзөмөл чаралары колдонулуп жатканы;
  • портфелди кабыл алуучу тараптын каржылык туруксуздугу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып