Президент мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө коррупция бар экенин белгиледи

Президент мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө коррупция бар экенин белгиледи

Президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштагы депутаттар ант бергенден кийин Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде коррупциялык тобокелдиктер сакталып жатканын билдирди.

Президент министрлер кабинетинин деңгээлинде коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жетишилгенин, бирок төмөнкү баскычтарда — акимиаттарда, мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө — бул көйгөй дале бар экенин белгиледи.

Мисал катары ал Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мурдагы мэрлерин, ошондой эле Новопавлов айыл өкмөтүндөгү абалды келтирди. Анын айтымында, ал жерде бир эле парк үч жыл катары менен отчетторго киргизилип, бюджеттик каражаттар ыйгарылып келген, бирок иш жүзүндө эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес.

Президент мындай коррупциялык схемаларга тиешеси бар жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи. Ал буга чейин парламенттин мурунку чакырылышы күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга мүмкүндүк берген тиешелүү мыйзамды кабыл алганын эске салды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.