Алынган айыл чарба багытындагы жерлердин компенсация нормативдери жаңыртылат

Алынган айыл чарба багытындагы жерлердин компенсация нормативдери жаңыртылат

МинКаб айыл чарба багытындагы жерлерди башка категориядагы жерлерге которууда, ошондой эле алардын макамы өзгөртүлбөстөн жер казынасын пайдалануу максатында участоктор берилген учурда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун нарктык нормативдерин бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ компенсацияларды эсептөөнү бирдиктүү тартипке келтирүүгө жана 2016–2023-жылдары кабыл алынган учурдагы токтомдорду алмаштырууга багытталган. Жерден ажырап калганда компенсация кандай эсептелерин Economist.kg сайты сыдыргыга салып көргөн.

Долбоордо айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын эсептөөнүн бирдиктүү формулалык механизми сунушталууда. Ал жер участогунун аянтына, жердин базалык салыктык наркына жана салык ставкасына негизделет. Айыл чарба жерлери башка категорияга которулган учурда компенсация атайын коэффициентти колдонуу менен эсептелет, ал эми жердин макамы өзгөртүлбөстөн жер казынасын пайдалануу үчүн колдонулганда — лицензиянын колдонуу мөөнөтү жана участокту рекультивациялоо мөөнөтү эске алынат. Иштеп чыгуучулардын пикиринде, мындай ыкма төлөмдөрдүн өлчөмүн жердин айыл чарба айланмасынан канча убакытка чыгарылганына түздөн-түз байланыштырууга мүмкүндүк берет.

Документте ошондой эле жерлердин түрүнө жараша жоголгон пайданын компенсациясынын өлчөмдөрү так белгиленет.

Тактап айтканда, сугат айдоо жерлериндеги көп жылдык мөмө-жемиш бактары үчүн 1 гектарына 1 760 сом, айдоо жерлер жана дың жерлер үчүн — 1 гектарына 610 сом, чабынды жерлер үчүн — 1 гектарына 350 сом, ал эми жайыттар үчүн — 1 гектарына 90 сом өлчөмүндө ставка сунушталууда.

Мыйзам долбоору менен компенсация катары түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу да аныкталат. Аталган каражаттарды жаңы жерлерди өздөштүрүүгө, пайдаланылып жаткан участокторду мелиорациялоого, топурактын асылдуулугун жогорулатууга, ошондой эле долбоорлоо-изилдөө иштерине гана багыттоо сунушталган.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандагы "Келечек үчүн билим берүү" долбооруна жалпы суммасы 6,36 млн долларлык каражат бөлөт. Буга байланышту Жогорку Кеңеш 9-апрелде Кыргызстан менен аталган ассоциациянын ортосундагы макулдашууну ратификациалоо мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда кабыл алды.  Агартуу министринин орун басары Алберт Махметкуловдун айтымында, Кыргызстанга бөлүнчү

Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Көз карандысыз аудитордук компания Ernst & Young 2025-жыл үчүн Кумтор Голд Компани ЖАКтын финансылык отчеттуулугун текшерүүнү аяктады. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, компаниянын отчету бардык негизги аспектилер боюнча 2025-жылдын 31-декабрына карата финансылык абалын, ошондой эле отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын эл аралык стандарттарга ылайык туура чагылдырары аныкталды. 2025-жылдагы көрсөткүчтөр: * киреше — 1,434 млрд

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Акматов Алмазбек Шаршембиевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды.    Эске салсак, кече 8-апрелде ЖК тарабынан Эсептөө палатасынын буга чейинки 6 аудити ээлеген кызмат ордуларынан бошотулуп, алардын саны 3 кишиге кыскаруу менен -

Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгү сазга айланышы мүмкүн

Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгү сазга айланышы мүмкүн

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов Ысык-Көлдүн деңгээли төмөндөгөн учурда жаралуучу коркунучтар тууралуу эскертти. Анын айтымында, көлдүн түбүнүн рельефи бирдей эмес: түндүк бөлүгүндө жээк жайпак, ал эми түштүк тарабында тереңдик кескин көбөйөт. Борбордук бөлүгүндө тереңдик болжол менен 689 метрге жетет. Абдрахматов белгилегендей, жакынкы жылдары суунун деңгээли 2–3 метрге төмөндөсө,