Опера театрында 25 млн сомдук Steinway & Sons рояль орнотулду
Steinway & Sons брендинин 25 миллион сомго бааланган роялы Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында пайда болгонун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Музыкалык аспап Малахит залында орнотулган. Тактап айтканда, Steinway & Sons компаниясынын D-274 моделиндеги концерттик рояль опера театры үчүн атайын алынган.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, музыканттар роялды жаңыртууну 1990-жылдардын башында эле сурашкан, бирок бул маселе акыркы күндөргө чейин чечилген эмес. Декабрда министрлик жаңы роялды сатып алып, театрга өткөрүп берген.
"Дүйнө жүзүндө концерттик рояль өндүргөн 20га жакын компания бар. Бирок, белгилүү пианисттердин 94%ы симфониялык оркестрлер менен концерттик чыгыштарда Steinway роялдарын тандайт", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.