Ош шаарында балдар үйүнүн тарбиялануучуларына турак жай курулуп жатат

Ош шаарында балдар үйүнүн тарбиялануучуларына турак жай курулуп жатат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Ош шаарындагы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 28 батирден турган көп кабаттуу турак жай курулуп жатканын "Кабар" жазды.  

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы курулуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, балдарга жагымдуу жана коопсуз шарт түзүү керектигин билдирди.

Турак үйлөр аталган боорукердик үйлөрүнөн тарбияланып чыккан балдарга 10 жылдык мөөнөткө акысыз берилет. Алдыда шаар башчысы тарабынан балдардын келечегине кам көрүү, аларды турак жай менен камсыз кылуу жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы иштер улантыла бермекчи. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.

2025-жылы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн жалпы 15 бала тарбияланып чыккан. Алардын туруктуу жашай турган үйлөрү жок болгондуктан, шаар бийлиги тарабынан атайын чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, ушул жылы бул балдар үйлөрүнөн дагы 9 бала тарбияланып чыгуу алдында турат. Жакынкы айларда көп кабаттуу турак жайдын курулушун толук аяктап, пайдаланууга берүү максат кылынган.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат: * Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат; * Батыш РЭТ: 100 даана

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөрүн мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Мэр жаңы өндүрүш зоналары шаар экономикасын өстүрүп, ишкерлерге шарт түзөрүн жана калкты жумуш

Жибек-Жолундагы көпүрө жарым-жартылай ачылды

Жибек-Жолундагы көпүрө жарым-жартылай ачылды

15-мартта реконструкциядан кийин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрө транспорт кыймылы үчүн жарым-жартылай ачылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Азыркы учурда Осмонкулов жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде кыймыл көпүрөнүн бир тарабында эки багытта уюштурулган. ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларды бул жол тилкесинде этият болууга,

Быйыл Баткен облусунда 10 кичифутбол аянтчасы курулат

Быйыл Баткен облусунда 10 кичифутбол аянтчасы курулат

Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы куруларын облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов аталган футбол аянтчалары курула турчу жерлерди көрүп чыкты. Алар жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат. Курулуш иштери эки айлык мөөнөттө бүткөрүлүп, пайдаланууга