Кыргызстан элчиликтери үчүн АКШда 10 батир сатылып алынган

Кыргызстан элчиликтери үчүн АКШда 10 батир сатылып алынган

АКШда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери үчүн 10 батир сатып алынганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, Нью-Йоркто 5 батир, Вашингтондо дагы 5 батир сатып алынган. Түштүк Кореядагы элчилик үчүн имарат мурда эле алынган, ошондой эле Австрияда имарат сатып алуу пландалып жатат. "Бардык процедуралар бүткөрүлдү. Бул ишти февраль–март айларында толук аяктоо пландалууда. Объекттердин баасы ар түрдүү. Мисалы, Австрияда имарат жакшы райондо жайгашканы үчүн 6–7 миллион долларга сатылып алынат", – деди ал.

Кулубаев кошумчалагандай, кыймылсыз мүлктү сатып алуу процедурасы татаал, андыктан мындай келишимдерди кыска мөөнөттө бүтүрүү ар дайым мүмкүн болбойт. "Женевада биз объектти сатып алуу үчүн экинчи жыл аракет жасап жатабыз — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уруксат бербеши мүмкүн", – деди министр.

Тышкы иштер министрлиги кошумчалагандай, 2026-жылы бул багыттагы иштер улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди. Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн. "Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Ош облусунун тургундары Өзбекстан менен чек ара тилкесинде эркин экономикалык аймак (ЭЭЗ) ачып берүүнү суранып жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай аймактарды түзүүнүн оң тажрыйбасы чек ара аймактарынын өнүгүүсүндө жакшы динамиканы көрсөттү. Депутаттын пикиринде, Ош облусунда ЭЭЗ ачуу аймактын экономикасына олуттуу

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарын облусунда жыл башынан бери 2 миң 443 турак жай камсыздандырылып, 1 жаранга 308 миң 974 сомдук кенемте төлөнүп берилгенин "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов билдирди. Анын айтымында, аймакта турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. "Бул көрсөткүчтү мындан

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын ведомстводон билдиришти. Кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгон жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган. Алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана каракчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кылмышкерлер административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңселерди тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоодо топтун мүчөлөрү