"Бина Групп" компаниясына 200 миң сом айып салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерип, Океев көчөсү 9 жана 11 даректеринде жайгашкан беш кабаттуу окуу борборунун курулушунда олуттуу мыйзам бузууларды аныктады.
Ведомствонун маалыматына караганда, объектте курулуш нормалары жана техникалык талаптар сакталган эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчы компания "Бина Группка" карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюу талабы менен жазуу түрүндө эскертүү берилди.
Министрлик мындан ары да курулуштагы коопсуздук жана сапат боюнча көзөмөлдү күчөтөрүн эскертти.